Ошто жаңы жылдык кече өзгөчө шаң менен өттү

Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы белгиленип, 20 миңден ашуун адам чогулду. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторду жаңы жылы менен куттуктады. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Майрам фейерверк менен коштолуп, эстрада жылдыздары тарабынан ыр күүлөр тартууланды.

Related posts

Жылдызкан Жолдошева: Ташиев 2010-жылдагы коогалаңды жөнгө сала алгандыгы үчүн татыктуу сыйланды

admin

Министрлик өлкөдө кызамык боюнча кырдаал курч бойдон экенин билдирди

admin

КР УКМК: КРнын мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

admin

Комментарий