Ошто Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун баяндаган спектакль коюлат

Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл болгондугуна байланыштуу мамлекеттин түптөлгөндүгү тууралуу спектаклдерди коюу тапшырмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан театр оюн-зоок мекемелерине берилген. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Дал ушул тарыхый окуяны чагылдырган алгачкы спектакль ушунча театрдан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында коюлуп, жакында премьерасы болгону жатат. Спектакль Кыргыз мамлекетинин түптөлүүсүгүн башында турган инсан, мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун, саясий эрдиктерин, жеке инсандык тагдырын, трагедиясын баяндайт. Спектаклди Эмгек сиңирген артист Назым Мендебаиров сахналаштырууда.

Related posts

Президентке кайрылган кыздын үй-бүлөсүнө үй салына баштады 

admin

Америкада кош жатыны бар аял эки күндө эки кызды жарыкка алып келди

admin

Балыкчыда өзгөчө булуттар пайда болду

admin

Комментарий