Парламент Кемпир-Абадды кыргыз-өзбек тарап биргелешип башкаруусун колдоду

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кемпир-Абадды кыргыз-өзбек тарап биргелешип башкаруусун колдоду.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын кыргыз-өзбек тарап биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырылды.

Үчүнчү окууда эл өкүлдөрүнүн 65и “макул”, 18и “каршы” добушун берди.

Мыйзам долбоору боюнча, Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жер Өзбекстандын карамагында калат. Аны менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, Кыргызстандын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо эрежелери камтылган.

Related posts

Садыр Жапаров: «Кыргыз-монгол мамилелеринин потенциалы эми гана ачыла баштады»

admin

20-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына лицензия утту

admin

Комментарий