Президент Аскар Салымбековго «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасын ыйгарды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Аскар Салымбековго «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

«Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Дордой Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин ардактуу президенти Салымбеков Аскар Мааткабыловичке “Эмгек Баатыры” өзгөчө белгисин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды», — деп жазылат маалыматта.

Related posts

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

admin

Садыр Жапаров Бишкектеги хостелде чыккан мушташ боюнча үн катты

admin

Румын президенти украин адистерин F-16 учагында машыктырууга макул болду

admin

Комментарий