Президент: «Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен тартип орноду»

Бул тууралуу бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып айтты.

«Азыркы күнү генерал Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен өлкөдө уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча тартип орногонун көрүп-билип турасыздар. Мындан ары мурункудай көрмөксөнгө салуу, билмексен болуу деген болбойт. 

Бандиттер тарабынан ар кандай опузалап акча талап кылуу аракеттери дароо мыйзам чегинде тескелет, тергелет, жазаланат. 

Жеке ишкерлерди эле эмес, кайсы бир адамды коркутуп-үркүтүп, акча талап кылгандар дагы мыйзам чегинде эң катуу жазага тартыларын дагы бир жолу эскерте кетейин», — деди ал.

Related posts

Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды 

admin

Бишкекте алгачкы жолу аялдардын жан дүйнөсүн чагылдырган италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин сүрөт көргөзмөсү өтөт

admin

Бүгүн Садыр Жапаров 55 жашка толду

admin

Комментарий