Президент Садыр Жапаров Айгүл Жапарова менен Римге барды (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Рим шаарына барды.

Мамлекет башчысынын борту Римдин эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Италия тараптан Италиянын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Кристиано Маджипинто, “Алга, Италия” партиясынан сенатор Франческо Сильвестро, Ватикан тараптан — Ыйык Тактынын архиепискобу Франческо Каналини, Ыйык Тактынын Протоколунун жетекчиси Хавьер Фернандаз Гонзалез жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Related posts

12-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ош шаарында ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси болуп өттү

admin

Камчыбек Ташиев да туунун өзгөртүлүшүн колдой турганын айтты

admin

Комментарий