Президент «Жалал-Абад» май иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсына барды.

Мамлекет башчысына заводдун май чыгаруу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, ишкананын үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыгы жөнүндө айтылды.

Май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү башталган.

Үстүбүздөгү жылдын мартында завод өз ишин баштаган. 2022-жылдын мартынан сентябрга чейин 900 тонна суу май өндүрүлгөн. Майды өндүрүүдө чет өлкөлүк сырье колдонулат.

Бүгүнкү күндө завод өзүнүн кубаттуулугунун 40% гана колдонот. Ошондой эле, компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү пландап жатат.

Маалымат уккан соң Президент өсүмдүк майын өндүрүүдө жергиликтүү сырьену колдонуу, заводду модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров май иштетүүчү завод жогорку экспорттук потенциалга ээ экенин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Related posts

3 шайлоо округу боюнча шайлоого 16 ЖМК жана 3 интернет-басылма аккредитациядан өттү

admin

Биринчи Элдик курултай 5-ноябрда өтөт

admin

КР УКМК: Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий