Президент Жапаров Каныбек Иманалиевди кызматтан алды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 7-сентябрда билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келаткан.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда мектеп окуучуларына китептер жетишпей жатканы сынга кабылды. Ата-энелер билим берүү мекемелеринде жок китептерди базарлардан сатып алып жатканын айтышууда.

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын кабарлаган.

Каныбек Иманалиев быйыл март айында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. 54 жаштагы Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Адистиги боюнча журналист, экинчи адистиги – саясат таануучу. Ал мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болгон.

Related posts

Шылуундар эми Бишкек мэриясынын атынан чалып жатышат

admin

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

admin

Дүйнөнү жакшыга өзгөрткөндөр үчүн жаңы кино-сыйлык бериле баштайт

admin

Комментарий