Президент Жапаров Каныбек Иманалиевди кызматтан алды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 7-сентябрда билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келаткан.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда мектеп окуучуларына китептер жетишпей жатканы сынга кабылды. Ата-энелер билим берүү мекемелеринде жок китептерди базарлардан сатып алып жатканын айтышууда.

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын кабарлаган.

Каныбек Иманалиев быйыл март айында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. 54 жаштагы Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Адистиги боюнча журналист, экинчи адистиги – саясат таануучу. Ал мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болгон.

Related posts

Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

admin

УКМК: «Тулпар»акционердик коому тарабынан автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды

admin

Көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат башталды

admin

Комментарий