Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды 

 Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Бул чечим чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскартылып, 259 адамды түздү.

Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр кайра түзүлдү жана бириктирилди, бир катар кызматтар жоюлду.

Ошону менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлдү.

Related posts

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды

admin

Акын Түгөлбек Оторбаев көз жумду – НЕКРОЛОГ

admin

«Ар бир үй-бүлөдө 5-6 бала болушу керек». Ташиев бала бакчанын ачылышында келиндерге кайрылды

admin

Комментарий