Канат Абдрахматов: Түркиядагы жер титирөө Кыргызстанга таасир эте албайт

Түркияда катуу жер титирөө катталып, каза болгондордун саны саат санап көбөйүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 4 миңден ашты.

Кечээ, 6-февралда Казакстанда да жер силкингени маалым болгон. Кыргызстанда да жер титиреши мүмкүнбү? Бул суроого Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовжурналисттерге жооп берди.

«Түркиядагы жер титирөө башка тектоникалык плита менен байланышкан. Ал жерде Аравия плитасы, бизде болсо Индостан плитасы. Мындай алыскы жер титирөөлөр Кыргызстанга кандайдыр бир деңгээлде таасир эте албайт. Казакстандагы жер титирөө балким жөн эле кокустук. Учурда Жердин ядросунда жайлоо (замедление) байкалып жатат. Түркиядагы жер титирөө бул процесске байланыштуу болушу мүмкүн. Негизинен азыр Жердин ядросунда болуп жаткан процесс биздин плитабызга да таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок анын кандайча жана канчалык таасир этээрин эч ким так айта албайт. Адамзат качандыр бир убакта жер титирөөнү так алдын ала билүүнү үйрөнөт деп үмүттөнүү кыйын», — деди ал. 

Related posts

КР УКМК: Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаардык Мэриясынын — «Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин» мурдагы жетекчилери кармалды

admin

Желекке өзгөртүү киргизүү боюнча символдун авторлору эмне дешти?

admin

УКМК: Тилекмат Кудайбергенов Дубайдан кармалып, Кыргызстанга алып келинди — ВИДЕО

admin

Комментарий