«Принцесса Дури»: Белгисиз жаранды сабап жаткан видео боюнча 3 жаран кармалды 

Социалдык тармактарда белгисиз жарандарды сабап жаткан видео боюнча баңги топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

26-мартта социалдык тармактарда күрөөчүлөр делген жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Аталган кылмыш иши ИИМдин башчысы тарабынан көзөмөлгө алынган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматы менен биргеликте өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерлерге алып барып, сабап, “Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизаты үчүн кечирим суроого мажбурлашкандарга карата ыкчам–иликтөө иш-чараларынын жүргүзүшкөн. Бул көрүнүштү шектүүлөр камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн.

3-апрель күнү Атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалган.

Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгон, анда мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды Кызматтын өзүнө же сизге жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.

Related posts

«Ата-апам ажырашып кеткен». Ошто дүкөндөрдөн уурулук жасоого шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

admin

Орусияда каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинет. Президент атайын борт уюштурууну тапшырды

admin

«Катуу шамал үйүмдүн чатырын учуруп кетти» деген жарандын видеосу тарады

admin

Комментарий