«Принцесса Дури»: УКМК 9 жаранды кармап, 8 килограмм баңгизат тапты

Өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңги заттарды ташуу жана сатуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК эл аралык баңгиканалга бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Орусия-Казакстан-Кыргызстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңги заттарды ташуу жана сатуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун иши аныкталып, ага бөгөт коюлду.

2024-жылдын ноябрында Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү процессинде, «Принцесса Дури» интернет-дүкөнү аркылуу кылмыш иштерин жүргүзгөн 9 Кыргыз жараны кармалган. Тинтүүнүн жүрүшүндө жалпы салмагы 8 килограмм 700 грамм болгон 52 миллион 200 миң сомдук «мефедрон», «клефедрон» жана «туз» синтетикалык баңги заттары табылган. Мындан тышкары, аталган факты боюнча кармалгандар, таркатылган баңги заттарынын карызын өндүрүү үчүн жана аталган баңгиканалдын уюштуруучуларынын буйрутмаларын так аткарбаганы үчүн «бангизатты катуучуларын» күч колдонуу аркылуу жазалоо менен алектенгени аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалгандардын баары баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жана Бишкек шаардык №1 тергөө камак жайына киргизилди. Учурда аталган баңгиканалдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатат.

УКМК тарабынан баңги жана психотроптук заттарды жок кылуу боюнча бирдиктүү пландын алкагында, башка өлкөлөр менен өнөктөштүк каналдар аркылуу кызматташуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында «Принцесса Дури» баңги каналын жабуу боюнча толук масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Related posts

Кыргызстандын аскердик контингенти Москвага парадга кетти

admin

Матвиенко Садыр Жапаровго орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди

admin

Өткөн жылы скутер катышкан 13 кырсык катталып, бир учуру өлүм менен аяктаган

admin

Комментарий