Россельхознадзор Кыргызстандан барган жүгөрүнүн үрөнүнөн ГМО табылганын айтып чыкты 

Россельхознадзор Орусия Федерациясына импорттолуп жаткан продукцияларды көзөмөлдөөдө Кыргызстандан 14,2 тонна (356 кап) көлөмүндөгү жүгөрү үрөндөрүндө ГМО табылган. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды. 

Мындан тышкары, үрөндүк материалдын сорттук жана себүү сапаттарын тастыктаган документтер болгон эмес. Баштыктардагы маркировкада (этикеткада) толук эмес маалымат камтылган.

Бул факт боюнча Россельхознадзор Айыл чарба министрлигине маалымат бергенин, бир аптанын ичинде маселе талкууланарын билдирди.

Related posts

ЦУМ издөөгө алынган Габбазов соода борбордун ээси эместигин билдирген. УКМК маалымат берди

admin

Бишкекте 2024-жылы Катарда өтө турган Азия Кубогуна тур уюштурулду

admin

“Элеттен экспортко чейин: Кыргыз продукциясынын чоң жолу”

admin

Комментарий