Роза Айтматова: «Керез жеңе бакыт алып келген “акжолтой” келин болду»

Ааламга атагы тараган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов: «Сени тааныгандар жашап жатканда, сен тирүүсүң», — деп айткандай, Айтматовду убагында таанып — билген адамдар көп болсо да, анын жашоосунун урунттуу учурларын бир уядан учкан бир туугандарындай жакшы билген, анын бейнесин алардай таасирдүү эч ким ачып бере албаса керек.

Андыктан, бүгүн мен Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова менен жолугуп, жазуучунун жашоосундагы жакшы күндөрүн эскерип, Роза Төрөкуловна менен ошол күндөргө чогуу барып келдим.

— Роза Төрөкуловна, саламатсызбы? Эскерүүлөрүңүздү окусам: «10-август мен үчүн өзгөчө күн деп жазыптырсыз». Бул күн башка күндөрдөн эмнеси менен айырмаланат? Cиз үчүн ал кандай сырдуу дата?

— Ушуга көңүл бурганың үчүн рахмат. Чынында эле бул мен үчүн абдан маанилүү күн. Быйылкы жылдын 10- августунда биздин апабыз Нагима Айтматованын каза болгонуна 50 жыл толуп отурат. Ал эми Керез жеңемдин көзү тирүү болсо 91ге чыкмак (былтыр пандемиядан улам 90 жылдыгын быйылкыга жылдырганбыз). Менин эсимде, апам Керез жеңенин туулган күнүндө көз жумган. Албетте, бул датаны жакын адамдарыбызды чакырып, куран окутуп эскеришибиз керек эле. Бирок, пандемия күчөгөндөн күчөп чогулууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошондон улам, эскерүүлөрүмдү жазуу менен гана чектелүүнү туура көрдүм.

— Керез жеңем деп айтып калдыңыз. Агаңыз менен жеңеңиз кантип таанышып, баш кошуп калышкан?

— Алар таанышып, сүйлөшүп жүрүп баш кошкон мезгил согуштан кийинки оор жылдарга туш келди. Биздин үй-бүлө Покровка айылында (азыр Талас облусунун Манас районунун борбору) жашап жаткан мезгил. Биз ал жерге 1949-жылы Жийде деген айылдан көчүп келгенбиз, бул апабыздын балдарды жакшыраак мектепке окутсам деп жасаган аракети эле (ал мезгилде Покровканын мектеби ошо тегеректеги мектептердин эң мыктысы деп эсептелчү).

Биз Катей апа деген казак аялдын үйүндө батирде жашадык. Анын эки уулу согуштан кайтпай калып, ал кайнисинин уулун багып алып, келечегин ошол балага арнап жашап жаткан экен (ал бала менден 2-3 жаш кичүү болчу). Катей апанын үйү эки бөлмөдөн жана далистен турган курулуш, анын бир бөлмөсүндө өзү баласы менен, экинчисинде — биздин үй-бүлө: апам, эжем Люция, анан мен жашайбыз. Жайкы каникулда Фрунзеден (азыркы Бишкек ш.) Айыл -чарба институтунда окуп жүргөн студент Чыңгыз акем, Москвадан Геологиялык -чалгындоо институтунда окуп жүргөн Ильгиз акем келишет.

Биздин эң жакынкы кошунабыз куйөөсү согуштан кайтпай калган, Адиш деген жалгыз уулу менен жашаган Уулбубү аттуу жаш аял эле. Адиш да менден кичүү эле, ошондуктан бул эки бала үчүн мен “Роза эже” болчумун.

Биз абдан ынтымактуу, боорукер коңшулардан болдук, бир чыны чайды бөлөк иччү эмеспиз.

Көпчүлүгүбүзгө эле кызык болушу керек, Чыңгыз Айтматовдой залкар адамдын жубайы кандай адам болгон?

— Керез Шамшибаева — Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери 1930-жылы 10-августта Чүй облусундагы Он бир-Жылга айылында жарык дүйнөгө келген. Анын атасынын дене бою баатырдыкындай чоң, кубаттуу болгон (аны ал өзү көргөн эмес, ага ошондой деп айтып беришкен). Керездин атасы менен апасы эң алдыңкы колхозчулардан болушкан. Бирок, атасы күтүүсүз жерден катуу ооруп калып, кызы төрөлө электе каза болот. Ошон үчүн анын атын Керез деп коюшкан, б.а. атасынан калган мурас же белек дегени. Керез жеңенин Мутабай деген агасы бар эле. Анан атасы каза болгондон кийин кудагыйды (Керездин апасы) эки бала менен башка урууга кетип калбасын деп кайнисине никелеп коюшат. Андан бир эркек бала (Темир) төрөлөт. Азыр Керез жеңенин бир туугандары өтүп кеткен, бирок алардан калган бала-чакасы бар. Бул үй-бүлөнүн дагы бир абдан мыкты мүчөсү — Керез жеңенин атасынын Айша деген бир тууган карындашы болор эле. Керез ага Айшаке деп кайрылчу, биз болсо Айша апа дечүбүз.

Айша апа Чүй облусунан чыккан биринчи кыргыз коммунист аялдардын бири эле. Ал чыныгы коммунист болчу (китептерде жазгандай). Ал ар кандай партиялык кызматтарды аткарган жана эң акыркы жумушу – бул Беловодскидеги (Ак — Суудагы ) майып балдар үчүн жетим балдар үйүнүн директорунун кызматы эле. Мен кээде Ак-Суудагы жетим балдар үйүндө болуп жаткан жагдайды көрүп таң калчумун. Ата-энеси албай, мамлекетке өткөрүп берген майып балдарга карата Айша апа жана анын кол астында иштеген аялдар ушунчалык кам көрүп, аракет кылышчу. Ал балдардын ар бирин көтөрүп, жууп, кийим — кечесин таза кармап, дары, уколдорун убагында берип,… иши кылып Айша апа шаарга келсе да дайыма алар жөнүндө тынчсызданып, кандайдыр камын көрүп жүрчү. Бул киши чынчыл, эмгекчил жана адилеттүү директор экенин мен өз көзүм менен көрүп ынангам.

Баса, Ч.Айтматов жана К.Мухамеджановдун “Фудзиямадагы кадыр түн” аттуу спектаклиндеги мугалимдин прототиби Айша апа. Ал спектаклде да Айша апа деп аталат.

Айша апа Керездин башталгыч класстарда эле жакшы окуганын, зээндүү экенин байкап, аны шаардагы атактуу №5-мектепке которот. Керез Шамшибаева №5-мектепти алтын медаль менен аяктап, мединститутка окууга өтөт. Медициналык институтта дагы ал жакшы окуган студент жана комсомол уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

Совет мезгилинде комсомол же ВЛКСМ Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын жетекчилиги астында иштеген эң күчтүү жаштар кыймылы болгон. Ал жаштарды мекенчилдик духта тарбиялоого, ар тараптан өнүккөн адам болуп, келечекте мамлекеттик жана коомдук иштерди аткарып, башкара турган адамдардын муундарын даярдаган. Комсомолдун башталгыч уюмдары ар кандай ишканаларда, билим берүү мекемелеринде ачылып, андан соң алардын райондук, облустук ж.б.у.с. деңгээлдеги комитеттери болор эле. Мунун баары азыр тарыхка айланып унутулуп калды, бирок ошо кезде комсомол уюмунун мүчөсү болгондордун ал кыймыл жөнүндө жагымдуу нерселер эсине түшөт деп ойлойм. Совет мезгилинде баары эле жаман болгон эмес да.

Комсомол бул изденүүнүн, демилгелүүлүктүн, романтиканын мектеби, ошондой эле комсомолдук жана студенттик жашоо дайыма бирге болор эле.

Чыңгыз менен Керез өз мезгилинин жаштарынын катарында болушкан жана алар комсомол кыймылынын жигердүү мүчөлөрү эле.

Бир күнү Фрунзе шаарынын Биринчи–Май районунун комсомол комитетинин кезектеги конференциясы өтөт. Ал конференцияга мединституттун атынан келген делегациянын курамында Керез Шамшибаева, ал эми Айыл-чарба институтунун атынан барган группада Чыңгыз Айтматов бар экен. Тагдыр…

Конференцияда Керез мединституттун студенттеринин кандайдыр бир проблемалары жөнүндө чыгып сөз сүйлөйт. Айыл-чарба институтунун студенттеринин атынан Чыңгыз Айтматов сүйлөйт. Экөөнүн көз караштары окшош болуп чыгат. Тыныгуу учурунда Чыңгыз менен Керез жолугуп аларды кызыктырган жалпы проблемалар жөнүндө сүйлөшүшөт. Ошентип экөө таанышып калып, анан бирин бири жактырып, кыз менен жигит болуп сүйлөшүп калышат. Ал кезде Чыңгыз али “эл душманынын баласы” эле, ошондуктан сталиндик стипендиядан алынып, аспирантурага кабыл алынбай калган мезгили болчу. Сталин али тирүү, согуштан кийинки репрессиялар күчөп баштаган мезгил жана биздин үй-бүлөнүн, ошондой эле Чыңгыздын тагдыры кандай болору белгисиз эле. Бул сталиндик тоталитардык мезгил болчу.

Ошого карабастан Керез Чыңгыздын адамдык касиеттерин, жашоого болгон көз караштарын жактырып, жакшы көргөн. Алар бирин-бири чын ыкластан жакшы көрүп үйлөнүшкөн.

Ал учурда Чыңгыз акемдин келечек тагдыры белгисиз эле, Чыңгыз кадыр-баркка жана даңкка кийинчерээк бөлөндү.

Ошентип, үй-бүлөбүздүн биринчи кубанычына мен жогоруда айткан биздин жакын көргөн кошуналарыбыз гана катышты …

— Керез жеңеңиз үйүңүздөрдүн босогосун биринчи аттап келген маалы эсиңиздеби? Үй-бүлөңүзгө баш кошулган ошол күн сизге, апаңызга, бир туугандарыңызга кандай таасир тийгизип, кандай сезимдерде болдуңуздар?

1952-жыл. Жайкы каникулга келген Чыңгыз аке бир күнү өзүнүн сырын ачып:

— «Сүйлөшкөн кызым бар, мүмкүн биз жакында үйлөнөбүз», — деди.

Бир аздан кийин Чыңгыз апама жазган катында ал сүйлөшкөн кызы Керез экөө үйлөнгөнүн , дос студенттерин чакырып кичинекей тойчук беришкенин айтыптыр. Жакында каникулга чыкканда бизге Покровкага келишерин да кабарлаптыр.

1953 жыл, июль. Чыңгыз менен Керез экөөнүн маршруту мындай эле: Фрунзеден Жамбулга (азыр Тараз шаары) поезд менен келип, анан Покровка жакка баруучу грузовой машине (ал кезде биз жакта автобустар же жеңил автомашиналар түк жок эле) таап, ошого түшүп, анан биздин үйгө келүү эле.

Бул кадимки иш күнү болчу. Кызматка кеткени өз ишине, талаада иштегендер талаага кетишкен. Мен болсо таң азандан башымды айран менен жууп, чачымды майда тиштүү тарак менен сып-сыйда кылып тарап, эки чач кылып өрдүм. Анан кызыл гүлдүү жаңы көйнөгүм (болгону эки көйнөгүм бар болсо керек) бар эле, аны кийдим да агам менен жеңемди качан келет деп күтө баштадым.

Кечээ эжем Люция экөөбүз бүт үйдү (Катей апа жагын да) тазалап, жыйнап койгонбуз. Иий баса! Короо да, короого кире турган калитканын асты да чаңдабай таза болушу керек да деп челек менен арыктан суу алып келип, эшиктин астына, калитканын астына суу сээп, шыпырып койдум. Өзүмдүн эки көзүм калиткада, качан келишет?… Алар көрүнбөйт. Бир аздан кийин карасам баары кургап, чаң чыгып калыптыр. Кайрадан арыктан суу алып келип… Ошентип жатып 2-3- жолу шыпырдым окшойт. Төртүнчү жолу суу алып келип себейин деп жатсам, калитка ачылып Чыңгыз акем менен Керез жеңемдин өңү көрүнүп калды. Алар жылмайып:

«Ай, Роза, биз келип калдык, саламатсыңбы!», — дешти.

Мен болсо баягы толо суусу бар челекти көтөргөн бойдон аларды көздөй чуркаптырмын, атайын кийген кооз көйнөгүмдүн этеги сууга малынып калганын деле байкабай…

«Ай, челегиңди кой!», — дешет алар күлүп. Ошондо гана эсиме келип, челекти жерге коюп, анан аларды көздөй чуркадым!…

Ал кезде мен 16га чыгып калган кызмын. Биздин үй -бүлөдө 1937-жылдан бери бир дагы мындай кубанычтуу окуя болгон эмес.

Айтматовдордун үй-бүлөсү

— Кыргызда: «Койчунун таягынан, келиндин аягынан», — деген макал бар эмеспи. Бул жагынан алып караганда, жеңеңиз кандай келин болду?

Азыр ойлоп көрсөм, Керез жеңе биздин үй-бүлө үчүн “акжолтой” келин болуптур. Кыргызда “акжолтой” деген бул бакыт , жакшылык алып келе турган адам же окуя эмеспи. Керез жеңенин бизге келиши так ошондой болду. Чынында эле, ал келгенден баштап биздин үй-бүлөдө биринин артынан бири жакшылыктар болуп жатты.

Ал эми мен үчүн жеңелүү болуш бакыт болду. Кыргызда илгертен жеңе менен кайынсиңди негизинен жакын, сырдаш, бирин бири колдогондордон болот эмеспи. Багыма Керез жеңем менен мамилем ошондой болду. Жаңы келин болуп келген Керезден: «кантип тааныштыңар эле, кантип үйлөндүңөр эле?», — деп сурай берчүмүн. Ал да тажабай мага экөөнүн тарыхы комсомол конференциясына баргандан башталганын, ал жерден таанышкандарын, «Ала–Тоо» кинотеатрына кинолорго баргандарын, китепканадан жолуккандарын айтып берер эле. Керез жеңенин өмүрүнүн аягына чейин биздин жакындыгыбыз, сырдаштыгыбыз уланды.

1953 жыл. Чыңгыз институтту аяктаган соң КирНИИЖдин (Киргизский научно-исследовательский институт животноводства) эксперименталдык фермасына зоотехник болуп жумушка орношту. Ферма Чоң-Арык айылында (Чоң-Арык  азыр шаардын курамына кирип калган, ал кезде болсо Чоң-Арык шаардын сыртындагы айыл деп эсептелчү. Анын территориясында “Киргизия” деген миллионер — колхоз, ВДНХ жана КирНИИЖдин эксперименталдык фермасы жайгашкан болчу. Чоң-Арыктан Чыңгыз аке, Керез жеңе экөө ферманын адистери үчүн атайын салынган барак тамдан эки бөлмөлүү батир алышат. Апамдын архивинде алигиче Чыңгыз акенин атына жазылган квитанция сакталуу.  Ал квитанцияда: «Ч.Айтматов үй-бүлөсүн Таластан көчүрүп келиш үчүн ферманын автотранспортун колдонуп, ал үчүн 300 рубль төлөндү», — деп турат. Квитанциянын датасы: «1953-ж. 1-август» деп көрсөтүлгөн.

Керез Шамшибаева кайын сиңдилери менен

1954-жыл. Санжар, Чыңгыздын улуу уулу төрөлдү. Бул биздин үй-бүлөбүз үчүн абдан кубанычтуу жана бактылуу окуя болду. Азыр, албетте бул сезимди сөз менен жеткизүү кыйын. (Мен 17ге чыгып калгам, 17 жыл бою биздин үй-бүлө бир дагы «алдейлүү» болбоптурбуз. Жийдеде жашаганда курбу кыздар кичинекей бөбөгүн көтөрүп: «менин алдейим бар», – деп мактанганда, мен ушунча кызыкчу элем).

Ушул кичинекей эки бөлмөлүү батирде алты адам жашадык. Баарыбыз үчүн иштөөгө да, сабак окууга да орун бар, Чыңгыз аке анда жаңы гана биринчи чыгармаларын жазып баштаган. Ал үчүн кабинет бар, үй-бүлөдө ынтымактуу, жагымдуу шарт түзгөнгө мүмкүнчүлүк бар эле.

Андан кийин Чыңгыз Москвадагы Жогорку адабий курска окууга өттү, анын чыгармалары оозго алына баштады. Кыргызстанда мындай ийгиликтер менен баары эле макул болушпады.  Айрыкча, улуу муундагы жазуучулар Чыңгыздын чыгармачылыгынан идеологиялык дал келишпестиктерди таап, каршы боло башташты. “Муну атасындай кылабыз! Төрөкулдун тагдыры күтүп турат”, — деген ушактар тарап кетти. Апам Чыңгыз экөө абдан капаланышып, Чыңгыз аке катуу ооруп төшөккө жатып калды. Нервден болуш керек… Ошондо Керез жеңенин врачтык кесиби чоң жардам берди. Эмне менен дарылаш керек экенин билип, Чыңгыз акени ооруканага жаткызбай эле үйдөн дарылады. Тез эле жакшы болуп айыгып кетти.

1957-жыл, август. Атабыз реабилитация болуп акталды. Бул, албетте, биздин үй-бүлө үчүн абдан маанилүү окуя болду, баарыбыз бойго жетип, келечегибиз кандай болот деп күтүп турган мезгилде тагдырыбызды  жакшы жакка өзгөрттү. Москва көчөсү, № 141-үйдөн 4 бөлмөлүү квартира алдык.

1959-жыл. Чыңгыздын экинчи уулу – Аскар жарык дүйнөгө келди. Бул үй-бүлөбүздүн бактылуу болушуна алып келген дагы бир чоң кубаныч болду. Чоң энеси  Нагима кандай ырахатка бөлөндү. Неберелерине бешик ырын ырдап, жомок айтып, неберелери үчүн оюндарды ойлоп таап бакчу эле.

Чындыгында Чыңгыз Айтматов менен анын биринчи жубайы баш кошкондо, Айтматов көпчүлүккө таанымал эмес жөнөкөй жигит болгон да. Кыргызда айтат го: «Вазир жакшы — хан жакшы, аял жакшы — эр жакшы», — деп. Керээз жеңеңиздин Чыңгыз Айтматовдун жетишкен ийгиликтерине кандайдыр бир деңгээлде салымы бар деп айта аласызбы?

— Ооба. Бул жагынан туура түшүнүп, Чыңгыз акенин чыгармачылыкка баш-оту менен берилгенине шарт түзүп, колдоо көрсөттү десем болот. Чынында Керез жеңе Чыңгыздын көлөкөсүндө калды (эми бул көпчүлүк аялдардын тагдыры да). Керез жеңе мединститутту кызыл диплом менен аяктады. Андан соң ординатурага өтүп, ЛОР-врачтын кесибине багыт алып окуду. Таң каласың апам Нагиманын бүйрөлүгүнө. Анын архивинде мындай документ сакталып калыптыр: «Справка дана Шамшибаевой Керез в том, что она действительно работает клиническим ординатором кафедры Ухо-Горло-Нос Киргизского Государственного медицинского института…» Справкада: «1957-жыл, 27-август» деген дата турат. Керез жеңе ординатураны ийгиликтүү аяктап, аспирантурага өттү.

Бирок, көп өтпөй анын илимий жетекчиси — медицина илимдеринин доктору, профессор Абрам Львович Брудный (ошол мезгилде эң көрүнүктүү жана ири илимпоздордун бири эле) көз жумду. Керездин буга чейин илимий темасы да белгилүү болуп калган болчу. Бирок, жетекчисинин көзү өткөндөн кийин, ал илимди коюп, жөнөкөй врач болуп иштеп, андан көрө балдарына, үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурайын деп чечти. Ал кезде Чыңгыз акенин чыгармачылыгы да ийгиликтерге жетип, чоң үмүттөр пайда болгон мезгил эле. Чыңгызды да үй-бүлөлүк, чарбалык иштерге алагды кылбай, анын чыгармачылыгына шарт түзүү керек эле…

Керез жеңе жакшы дарыгер болду, ошону менен бирге үй-бүлөнүн бардык түйшүгүн мойнуна алды. Айылдан келген туугандар, алардын окууга өтөбүз деп келген балдары, айылдагы туугандардын жакшылык, жамандыктары… ушунун баары Керез жеңенин мойнунда болчу.

— Азыр биздин коомдо кайын эне — менен келиндин ортосунда мамиле өтө курч маселеге айланды. А илгери сиздердин үй-бүлөдө кандай эле? Апаңыз менен жеңеңиздин мамилеси тууралуу айтып берсеңиз…

— Бул жагынан даорусча айтканда : «нам повезло». Керез келин болуп келгенде апабыз майыптыкка чыгып калган мезгили эле. Сыягы жашоодо көргөн көп кыйынчылыктардан,стресстерден, кыргызча айтканда «сары оорулардан» улам эрте эле, 49 жашында, майып болуп калган. Керез жеңе аны да туура түшүндү. Апам экөө ынтымакта жашашты.

Чыңгыз акем менен Керез жеңемдин жаңы үйлөнгөн жылдары жашаган кичинекей эки бөлмөлүү үйүндө баарыбыз ынтымактуу жашап, айылдан келген туугандарыбыз да биздикине келип бир нече күндөп жүрүп кетишер эле. Бул, албетте, апабыз Нагима менен Керез жеңенин  түзгөн үй-бүлөлүк атмосферасына, алардын  өз ара мамилелерине,  үй-бүлөгө карата болгон көз караштарына жараша түзүлгөн  жагдай эле. Азыр ойлоcом, кандай сонун мезгилдер өткөн.

1971-жыл, август. Жайдын күнү баарыбыз отпуске алып көл жакта эс алып жүргөн мезгил. Августтун башында биз көлдөн келип, апама учурашканы келдик. Апам жакшы эле экен:

«Жакында эле больницадан чыктым. Чыңгыз мени дачага (ал кезде Чыңгызга Өкмөттүк дачадан – азырка Президенттик резиденциядан жайдын күнү үй-бүлөсү менен эс алып, жазганга да мүмкүнчүлүгү болсун деп атайын кичинекей особняк берилчү) алып кетти эле, ал жерде өскөн гүлдөрдүн жытынан астмам күчөп, кайра шаардагы үйгө келип отурам. Түңкүсүн Чыңгыз келип жатат», — деди.

Апамдын жанында бир күн болуп, анан Эсенбектин (жолдошум) ата-энесине учурашып келели деп Таласка ( Казакстан менен чектеш Богословка деген айыл) кеттик. Келгенден бир күн өткөн соң эле Эсенбек: «Менин шашылыш иштерим чыгып калды, шаарга кайра кетебиз», — деп калды. Ал кезде азыркыдай чөнтөк телефон эмес, стационардык телефон да жок эле элде. Бир айылда сельсоветте гана телефон болор эле. Чыңгыз аке сельсоветке телефон чалып: «Эсенбекке апабыз катуу ооруп калды, тезинен шаарга кайткыла», деп айттырыптыр. Мен кош бойлуу элем, Эсенбек мени коркутуп албайын деп, мага жанагы шылтоону айтыптыр. Поезд менен кечинде шаарга келдик. Кеч болсо да апам менен учурашып коёюн деп үйгө телефон чалдым. Телефонду Чыңгыз аке алды:

«Апам аябай катуу ооруп коркутту эле, бүгүн жакшы болуп калды. Эртең эртең менен түз эле больницага бар» , — деди.

Айтматов жакындары менен

1971-жыл, 10-август. Таңга маал туруп, айылдан ала келген тоокту апама больницага алып барайын деп казанга жаңы эле салып бышыра баштагам, саат 6да телефон шыңгырап калды. Алсам, Керез жеңе экен.

— «Тезинен больницага кел. Апам cени сурап жатат», — деди.

— «Ой, мен тоок бышырып жатат элем», — дедим.

— «Эч нерсенин кереги жок. Мен түнү менен жанында дежур болуп отурдум. Сени кайра–кайра сурап жатат. Абдан кыйын ахвалда, тезинен кел…»,- деп жеңем трубканы койду.

Мен тезинен такси чакырып , ооруканага бардым. Түн ичинде мээсине кан куюлуп, араң сүйлөп калыптыр. Ильгиздер менен Люциялар көлдөн кечээ күндүз келип учурашып кетишиптир.

«Сени көрбөй каламбы дедим эле. Кудайга ыраазымын, баарыңар жанымдасыңар,… Керез, айланайын, сага ыраазымын, …», — деген бойдон эс-учун жогото баштады.

— Адамдын жашоосу жипке тизилген шурудай тегиз болбойт экен. Залкар жазуучу да кезинде тагдырдын сыноосуна кабылып, жубайы менен эки ажырым жолго түшүптүр. Союз маалында ажырашкан жарандар бийлик тарабынан куугунтукталып, партия мүчөлүгүнөн да чыгарылган учурлар болгон деп чоң — апаларыбыз айтып калышчу. Айматовдордун үй-бүлөсү бул этапты башынан кантип өткөрдү?
Жашоо ар дайым бирдей болбойт экен. Жагдай ушундай болуп калды — Чыңгыз менен Керез ажырашып кетишти. Албетте, Керез жеңе кейиди, мурдагыдай эле Чыңгыздын ал -ахвалы кандай болду экен деп тынчсызданып жүрдү.

Мен студенттерге деген сабагымды өтүп бүткөн соң, сөзсүз жеңемдин ишине барам. Дээрлик күнүгө жолугушчубуз. Үй — бүлө, бала – чака, туугандык маселелерге байланышкан күнүмдүк иштерди талкуулачу элек.

Бир күнү иш күнүнүн аяк ченинде келип калдым. Ал кадимкисиндей кабинетинде отурган экен, бирок эмне үчүндүр тынчы кетип, мени бир нерсеге толкундангандай болуп тосуп алды. Анан ал мага бир белгилүү жазуучу (мен азыр анын атын атабай эле койоюн, өзү Чүйлүк, Керездин жердеши) келип жолукканы жөнүндө айтты:

«Ал Чыңгыздын үстүнөн менин атыман жазылган арызды көтөрүп келиптир. Сенин кол тамгаң эле керек. Бул арыз ЦКнын биринчи секретары Т.У. Усубалиевдин атына жазылды. Коммунисттер үй-бүлөсү менен ажырашпайт. Ажырашса партбилетинен ажырайт. Анан көрөсүң партбилети жок бул жазуучу болуп эсептелбейт. Бир аксакал жазуучубуз Чыңгыз жөнүндө: «Ал жазуучу деле эмес, болгондо жакшы журналист» , — деп айтпадыбы. А партиядан чыккан соң аны журналист катары да эч ким тааныбайт. Атасынын кейпин кийет. Сен экөөбүз чүйлүкпүз, сен менин карындашым болосуң, сени жактап, сага калканч болоюн деп жатпаймынбы. Кол эле коюп кой. Арызды сенин атыңан өзүм ЦКга алып барып берем, — деди.

Анан мен ага: «Жок! Мен кол койбойм! Ал менин балдарымдын атасы. Анан мен аны чыныгы ыкласым менен жакшы көрүп турмушка чыкканмын. Эми турмушта ар кандай болот да. Азыр деле мамилебиз жакшы, мен ага жакшылык гана каалайм. Менин турмушума киришпегиле», — деп катуу айтып салдым. Жарым эле саат болду бул жерден чыгып кеткенине…», -деди.

Керез жеңе экөөбүз ар дайым бири-бирибизди түшүнүп, жакын болдук. Кийин ооруп ооруканага жатканда да жумушумдан кийин сөзсүз күнүгө барчумун. Катуу ооруп калганда анын жанында Күлүйпа деген сиңдим (Карагыз апамдын небереси), күнү – түнү карап жатты. Бир күнү мен карайын жаныңда калып десем:

— Жок. Мен Күлүйпага, Күлүйпа мага көнүп калдык. Күнүгө келип жатканыңа ыраазымын. Рахмат сага, — деди.

Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө мен анын башында отуруп, өз колум менен о дүйнөгө узаттым..

Маектешкен: Альбина Метерова

Related posts

Гульбара Ишенапысова: Более 100 тыс. вакцин Pfizer от COVID-19 поступят в Кыргызстан

admin

Блогер Эртай Искаков үй камагына чыкты

admin

8 балалуу эне: «Жолдошум «мени сенин туугандарың каматты» деп таарынып, Орусияга кетип калды»

admin

Комментарий