Румын президенти украин адистерин F-16 учагында машыктырууга макул болду

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис Фетешти шаарынын чет жакасында жайгашкан Европалык машыгуу борборунда (EFTC) украиналык адистерди F-16 аскердик учагын башкарууга үйрөтүүгө макулдугун берди. Бул тууралуу бүгүн 18-мартта румыниялык Digi24 жаңылыктар телеканалы билдирди. Ошону менен катар Финляндия өкмөтү Украинага жөнөтүп жаткан аскердик жүктүн транзитине уруксат берүү чечими да кабыл алынганы маалымдалды.

Эми президенттин чечими парламенттин талкуусуна коюлат. Парламентте, журналисттер белгилегендей, Украинаны колдогон депутаттар көпчүлүктү түзөт.

Румыниянын түштүгүндөгү Фетештидеги машыгуу борбору былтыр жыл соңунда ачылган, ал жакта румыниялык адистер машыгууда. Украиналык учкучтар быйыл жайында барары пландалууда.

Украиналык учкучтарды окутуу былтыр Дания, Улуу Британия жана АКШда башталган. The New York Times басылмасы америкалык айрым аткаминерлерге таянып украин адистеринин Румыниядагы борбордон машыгуусу чечүүчү ролду ойной турганын, себеби ал жакта F-16 учагын кадимки согуштагыдай шартта башкарууга үйрөнүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин жазган.

Быйыл жайында Европанын айрым мамлекеттери Украинага убада кылган ондогон F-16 учактарынын алтоо жеткирилери айтылган.

Украин бийлиги Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган 2022-жылдын февраль айынан бери Батыштагы союздаштарынан өзүнүн аба мейкиндигин көзөмөлдөөчү, коргоочу аскердик жардам, анын арасында F-16 учактарын берүүнү сурап келет.

НАТОнун бир нече мүчөсү кыргын салуучу бул америкалык F-16 учактарын Украинага 2023-жылы эле берерин убада кылган.

Related posts

Москвадагы өрттө кыргызстандыктар жабыркаган жок

admin

Финляндияда мектепте ок атылып, үч окуучу жаракат алды

admin

«Мушташ болгон эмес». Бостеринин тургундары 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кайрылуу жасашты

admin

Комментарий