Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова жылдын мыкты балбаны аталды

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча “2023-жылдын мыкты балбаны” наамына талапкерлиги көрсөтүлүп, наамды жеңип алды. 

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) боюнча талапкерлердин тизмесине Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип алган 5 спортчу кирген. Тыныбекованын атаандаштары — Юи Сусаки(Япония), Акари Фужинами (Япония), Амит Элор(АКШ) жана Бусе Тосун (Түркия) болчу.

UWW 2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, теңдешкис 95,575 упай чогултканын белгиледи.

2023-жылы Тыныбекова 6 турнирге катышып, анда 5 медаль — 4 алтын жана 1 коло утуп алган.

Related posts

Чыныгы демократия Европадабы же Кыргызстандабы?

admin

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 3000 адамга жакындады  

admin

Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

admin

Комментарий