Садыр Жапаров: «1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6900 сомду түзөт»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Биздин улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатыбыз адам укуктарын ишке ашыруу жаатындагы ратификацияланган эл аралык келишимдерге, Конституциябыз баш болгон мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылып келет. Негизги максатыбыз – улуу муундун өкүлдөрү коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу. Анын негизинде Кыргызстанда карыларыбыздын турмуш шарттарын жакшыртуу саясатын жүргүзүү боюнча активдүү иш-чаралар күч алууда.

Ата-апаларыбызды татыктуу пенсия менен камсыздоо аракеттери акыркы үч жылда чоң көрсөткүчкө жогорулады. Алсак, 2022-жылы пенсиялар орточо 33 пайызга көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38 пайызга жогорулады. 2024-жылы пенсияларды эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонмун. Бул тапшырманын негизинде 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт.

Мына ушундай аракеттердин жана жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин ченемдерин аткарууга жетиштик. Мамлекет мындан ары да улуу курактагы адамдар үчүн татыктуу, туруктуу жана канааттандырарлык келечекти камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча тынымсыз иш алып барууда”.

Related posts

УКМК жасалма виза даярдоо каналын токтотту

admin

Бишкекте 13 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап  кетти

admin

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды

admin

Комментарий