Садыр Жапаров бүгүн Министрлер кабинетинин отчетун угат 

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда өлкөнүн Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот.

Жыйында Министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле Министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралат.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Related posts

Бакыт Рысбеков: Равшан Жээнбеков айткандай эмес, Жазаларды аткаруу тутумунда катаал кыйноолор каттала элек

admin

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ИЛИМДЕГИ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

admin

Кыргызстан паспортторду өзү басып чыгара баштады

admin

Комментарий