Садыр Жапаров башкы прокурор кызматына кимди тандаганы белгилүү болду

 Садыр Жапаров тарабынан башкы прокурор кызматына Максат Асаналиев сунушталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдук алуу үчүн киргизилди.

«Ички документтин соцтармакка чыгып кеткендиги боюнча компетенттүү кызматкерлер тарабынан кызматтык териштирүү жүрүүдө», — деди Алагөзов.

Асаналиев 2022-жылдын май айынан бери Ош облусунун прокурору кызматын ээлейт.

Related posts

КР УКМКнын 9-кызматынын «Калкан» атайын багыттагы командасы “Sharp Blade-2025″ снайперлеринин эл аралык мелдешине ийгиликтүү катышты

admin

Москва районунда ок атуучу куралдардын, ок-дарылардын жана атайын каражаттардын жашыруун сакталган жайы аныкталды

admin

Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

admin

Комментарий