Садыр Жапаров башкы прокурор кызматына кимди тандаганы белгилүү болду

 Садыр Жапаров тарабынан башкы прокурор кызматына Максат Асаналиев сунушталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдук алуу үчүн киргизилди.

«Ички документтин соцтармакка чыгып кеткендиги боюнча компетенттүү кызматкерлер тарабынан кызматтык териштирүү жүрүүдө», — деди Алагөзов.

Асаналиев 2022-жылдын май айынан бери Ош облусунун прокурору кызматын ээлейт.

Related posts

УКМК К.Асанбектин эки унаасын мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү тууралуу маалыматты төгүндөдү

admin

Кыргызстан менен Түркия тасма жана сериалдарды биргелешип тартат

admin

Райондук сот «Алтуханы» камактан бошотту

admin

Комментарий