Садыр Жапаров Баткен облусундагы чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү, ошондой эле жабыркаган жана эвакуацияланган Кыргызстандын жарандарына бардык керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.


Related posts

Кытайдагы заводдон чыккан өрт 36 адамдын өмүрүн алды 

admin

Эсептөө палатасы Маммүлк фондунда дээрлик 1 млрд сомдук финансылык бузууну аныктады

admin

9-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий