Садыр Жапаров: Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул тарыхый окуя

«Бүгүнкү күндө биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чындыгында эле тарыхый окуя», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда.

«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө Сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет.

Өзгөчө көңүл бура турган нерсе — ушул мамлекеттик визиттин алкагында Келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерибизди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз», — деди Жапаров.

Related posts

Массалык башаламандыкка чыкырык жасаган “Ali Osman” аттуу “Facebook» социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды

admin

АКШ мамкатчысы: бизге жакса да, жакпаса да Россия глобалдуу күч

admin

Бундестаг Шольцко ишенбөөчүлүк көрсөттү

admin

Комментарий