Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда өлкөнүн Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот.
Жыйында Министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле Министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралат.
Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.