Садыр Жапаров Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

28-сентябрда президент Садыр Жапаров Берлин шаарында Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент жолугушууга келген мекендештерге ыраазычылык билдирип, иш сапарынын алкагында пландаштырылган иш-чараларга, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кыскача токтолду.

Өлкө башчы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган айкелдин маанисин белгилеп, «Манас» эпосу кыргыз элинин жалпы тарыхын, каада-салтын жана үрп-адаттарын камтыган тарыхый баа жеткис булак болуп саналарын билдирди.

«Биздин ата-бабаларыбыздын калтырган бул зор осуяты бүгүнкү күндө да өзүнүн маанисин жоготкон жок жана бизге дайыма жол көргөзүп келет. Бул элди биримдикке, ынтымакка чакыруу», — деди президент.

Садыр Жапаров мекендештерге кайрылып, алар Кыргызстан менен дайыма байланышта болуп, мекенине салым кошоруна ишенерин билдирди.

Диаспоранын өкүлдөрү суроолорун берип, өлкөдөгү оң реформаларды, социалдык-экономикалык тармактагы өзгөрүүлөрдү белгилешти.

Related posts

Быйыл былтыркыга караганда мал ылаңы аз катталды

admin

Садыр Жапаров: Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда өткөрөбүз

admin

Мурдагы президент Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берилди

admin

Комментарий