Садыр Жапаров  иш сапары менен Францияга барат

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган. Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт. 26-июлда президент XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат”, — деди Муратбек Азымбакиев.

Related posts

Сириядагы согушка катышып келген Оштун тургунунан ок-дарылар табылды 

admin

Кайрадан жаан жаайт. 23-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

admin

«Мокинтош» каймана аттуу Бостери айылын «смотрящийи» кармалды

admin

Комментарий