Садыр Жапаров: «Кемпир-Абадды 70 жылдан бери Өзбекстан башкарып келген, эми чогуу башкарабыз» 

Маанилүү бир жагдайды айта кетпесем болбос. Кечээ жакында кошуна Өзбекстан менен чек ара маселесине толук чекит койдук». Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземинде Садыр Жапаров айтты.

«Ошол маселеде Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок, себеби эл маселе кандай чечилгенин толук түшүнүп турду. Кемпир-Абадды дээрлик 70 жылдан бери кошуна Өзбекстан башкарып келген. Бул жолу чогуу башкарууга кирдик, мындан ары бирге башкарабыз. Азырынча муктаждыгыбыз жок, бирок качандыр бир убакта муктаждык жаралып калса, суу сактагычтын айланасындагы айылдарга суу тартып алуу боюнча жаңы келишимге норма киргиздик, биз, эки тарап – өзбек жана кыргыз тарап», — деди ал.

Related posts

Ташиев: «Реанимацияда жаткандарга 200 миң сомдон берилет»

admin

Монголияда кар бороонунан 334 адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын 333ү табылды

admin

Таласта Малик Аликеевди акыркы сапарга узатышты

admin

Комментарий