Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталат

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит коюлганын билдирди.

“Эми, кудай буйруса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди тактайбыз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп, алып келебиз”, — дейт ал.

Жапаров Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен ынтымакта, достукта жашап, октон бир дагы жоокер каза болбошу керектигин белгилеп өттү.

“Өлкөнүн аянты 199 миң чарчы чакырым болсо, чек араны тактагандан кийин, 210 миңден ашык чарчы чакырым болуп, картабыз чоңоет. Тажикстан менен чек араны чечишкенден кийин Кыргызстанды бүтүн, коопсуз деп айтсак болот. Азыр биз жарты Кыргызстанбыз, 30 жылдан бери кескилеп жатып, жарты кылып салышкан. Баарын кайтарып, бүтүн кылып жатабыз”, — деп айтат өлкө башчы.

Related posts

КР УКМК: коммерциялык объектилердин мыйзамсыз курулуусу боюнча

admin

Түркияда теракт болуп, бир нече адам каза болду

admin

Грузия парламенти президентке импичмент жарыялай албай калды

admin

Комментарий