Садыр Жапаров: Кыргыздар бөтөн жерге көз артпайбыз, бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз

Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар, — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп жатып.

 Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз.

 Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз!

 Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз

 Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм:

кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр оз жерибизди бирөөгө бербейбиз.

 Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз.

 Бүгүнкү күндө чек арага жакын райондордо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге бөгөт коюу, эки мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдөө маселелери абдан маанилүү болуп турат.

 Ошондуктан биз сүйлөшүүлөргө,  чек ара тилкелерибизди тез арада такташып бүтүүгө дайым даярбыз.

Related posts

Популярдуу түрк ашпозу анын сүрөтү түшүрүлгөн «Тазалыктын» унаасынын видеосун бөлүштү

admin

19-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Лукашенко унаасы от албаганы үчүн жыйынга кечигип кала жаздады

admin

Комментарий