Садыр Жапаров Кытайда өтүп жаткан форумга катышпайт

Президент Садыр Жапаров Кытайда “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында өтүп жаткан эл аралык кызматташтык форумуна катышпайт. Тышкы иштер министрлигинен анын себебин түшүндүрүштү.

Кыргызстан форумга өлкө башчынын графигинин тардыгынан улам катыша албайт. КМШ саммити жыйынтыкталып, алдыда ЕАЭБ жана ШКУ жыйыны, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цяндын расмий иш сапары күтүлүүдө.

Кыргызстандын атынан энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков тематикалык форумдарга катышат. Иш-чара 17-18-октябрда Пекинде өтөт. Ага 140 мамлекеттин, 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Айрым өлкөлөрдүн президенттери да форумга катышуу үчүн барышты.

Related posts

«Кой же чочконун эти деп сатышмак». Кытайда миңдеген мышык куткарылды

admin

Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

admin

Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропорттун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди 

admin

Комментарий