Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагимдин сүйлөшүүлөрү болуп өттү

15-майда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында эки өлкөнүн лидерлеринин расмий жолугушуу аземи болду. Андан соң кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагим эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча чараларды талкуулашты. Мамлекет башчысы Анвар Ибрагимдин бүгүнкү сапары Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташуу жана достук тарыхында жаркын из калтырат деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык кеңири потенциалга ээ экенин белгиледи. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык баштапкы баскычта турат. Бирок президент келечекте күч-аракеттерди бириктиргенде жакшы натыйжаларга жетүүгө болот деп ишенет. Өз кезегинде премьер-министр Анвар Ибрагим жылуу кабыл алуу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин баса белгиледи.

Кыргызстан менен Малайзия соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра алышат. Андан соң өлкө лидерлери «Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө» кол коюп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү менен чыгышты.

Эртең, 16-майда, премьер-министр Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга болгон расмий сапары уланат.

Related posts

15-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

КР УКМК: «Полярная звезда» планетарий жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Комментарий