Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМКнын Нарын облусу боюнча жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча Башкармалыгынын капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты.

Садыр Жапаров 1988-жылы курулган УКМКнын Нарын башкармалыгынын имаратына ошол 35 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты. Материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тиешелүү шарттарды түзүп берүү максатында генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тартылып, бул имаратты короо-жайын кошо толугу менен менен оңдоп-түзөөнү колго алынган. Жалпы жонунан 2 миң чарчы метрден ашык имараты толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 500 чарчы метрден ашык кошумча курулуш курулду. Ошондой эле жайкы спорттук аянтчалар салынып, тосмолору тосулуп, тиешелүү жерлерге асфальт төшөлдү.

Related posts

Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен кетти

admin

Эч качан терезеден секирбеңиз! Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

admin

УКМК: Жайыл районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана спорт зал мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий