Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат

9-майдын алдында Россияга расмий сапары менен келе турган Кыргызстандын президенти Жеңиш парадына калууну чечти. Бул тууралуу РИА Новости Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип жазды.

«Быйыл атайын чакыруулар болгон жок, бул мааракелик дата эмес. Быйыл Жапаров мырза майрам алдында расмий сапары менен келет. Ал парадга калып, Жеңиш майрамынын сыймыгын биз менен чогуу бөлүшүүнү чечти», — деди Песков «Билим. Биринчилер» марафонунда журналисттерге.

Related posts

Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

admin

Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен жерде жашаган 130дай үй-бүлөнү көчүрүүнү пландоодо

admin

Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

admin

Комментарий