Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда эки өлкөнүн өкмөт башчылары жылдын экинчи жарымында өткөрүү пландалган эки тараптуу иш-чаралар боюнча пикир алмашты.

«Атап айтканда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий иш сапары, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 11-жыйыны, Кыргыз-казак аймактар аралык форумунун биринчи отуруму сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Бишкекте алгачкы жолу аялдардын жан дүйнөсүн чагылдырган италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин сүрөт көргөзмөсү өтөт

admin

Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

admin

Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө барып, аскерлердин тамагын жеп көрдү

admin

Комментарий