Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрияга барды

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрия Республикасына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан маалым болушту. Сапардын алкагында Жапаров Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушат.

Мындан тышкары, президент Австриянын федералдык канцлери Карл Нехаммер жана Улуттук кеңештин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул сапар өлкөлөр ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Related posts

12-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте “Стартап Улуту” хакатону старт алды

admin

Орусияда каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинет. Президент атайын борт уюштурууну тапшырды

admin

Комментарий