Садыр Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат.

Иш-чарага “Социалдык контракт” программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат. “Социалдык контракт” программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ашырылууда. Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт. Түз алып берүү саат 10:00дө башталат.

Related posts

«Байларды, инвесторлорду чакырам». Садыр Жапаров Ысык-Көлдө 15 пансионат ижарага берилерин айтты

admin

Кар жаайт. 7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жаан жаайт. 26-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Комментарий