Садыр Жапаровду Казань шаарында кандай тосуп алышты? (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров 20-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Татарстан Республикасына барды.

Мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду. Президентти Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Садыр Жапаровдун Владимир Путин жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен эки жактуу жолугушуулары өтөт.

Related posts

Шайирбек Сулайманов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы директору болуп дайындалды

admin

Президент: «Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен тартип орноду»

admin

Аялын өлтүрүүгө шектелген Казакстандын мурдагы экономика министри камакта калтырылды

admin

Комментарий