Саламаттыкты сактоо тармагына 107 медициналык унаа тапшырылды

Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына 107 бирдик медициналык унааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Унааларды тапшыруу аземге Акылбек Жапаров, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

«Бүгүнкү иш-чаранын себеби – экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Орусиянын колдоосу менен «COVID-19дун кесепеттерин жоюу» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион долларды түзгөн 107 унааны өткөрүп берүү», — деди Акылбек Жапаров.

Related posts

УКМК: Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

admin

20-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

5-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий