Самара Каримова кызынын ысымын Айсулуу Тыныбекованын атынан койду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова ысымын Айсулуу Тыныбекованын атынан койгонун билдирди.

«Кызыбыздын атын кыргыз элинин сыймыгы, дүйнөнү дүңгүрөткөн, легендарлуу Айсулуу Тыныбекованын урматына Айсулуу деп атадык. Кызыбыз да Айсулуу эжесиндей дүйнөгө атагы чыккан, жүрөгү кыргыз деп соккон чыгаан айымдардан болсун. Эл сыймыгы болсун», — деп жазды ал.

Ага жооп кылып Айсулуу Тыныбекова «Бешик боо бек болсун! Айсулуу ден соолугу бекем, ыймандуу, бактылуу, кыргыз эли сыймыктанган кызы болсун!» деп жазды.

Related posts

Кар жаайт. 14-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Бишкектеги жол кырсыгы. №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды

admin

Бир туугандарыбыз келди». Кыргызстандын куткаруучулары Түркияга жетти 

admin

Комментарий