“Телефонун алып койгонун айткан”. Жалал-Абадда окуучу кыз мектептин 2-кабатынан секирген

Жалал-Абадда окуучу кыз мектептин 2-кабатынан секирген. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

10-октябрь күнү Жалал-Абад ШИИБге 1991-жылы туулган аял киши арыз менен кайрылып, 11 жаштагы кызынын телефонун мугалим алып койгондуктан мектептин 2-кабатынан секирип жибергендигин билдирген. Кесепетинен окуучу кыздын сол буту сынып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Related posts

Таласта Үрмарал дарыясындагы жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

admin

Жыйында сүйлөй албай калган Сеид Атамбаев азыркы абалы тууралуу айтты

admin

Ташиев: «Салыкчылардын ишин катуу көзөмөлдөш керек»

admin

Комментарий