БРИКС эл аралык муниципалдык форуму 29-октябрдан 31-октябрга чейин Санкт-Петербургда өтөт. Бул БРИКС+ өлкөлөрүнүн шаарлары жана аймактары менен достук мамиледеги мамлекеттердин ортосунда тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эң ири платформа болуп саналат.
Уюштуруучулардын айтымында, форумга 70тен ашык өлкөнүн муниципалдык жетекчилери, бийлик өкүлдөрү, ишкерлер жана эксперттик коомчулук катышат. Иш-чараны Россиянын Тышкы иштер министрлиги, Федерация кеңеши, президенттин администрациясы, ВАРМСУ жана Москва менен Санкт-Петербург өкмөттөрү колдойт.
Форум БУУнун 2030-жылга чейинки күн тартибине ылайык туруктуу шаардык өнүгүүнү илгерилетүү жана санариптик, “жашыл” жана социалдык демилгелерди өнүктүрүү максатын көздөйт.
2024-жылы Москвадагы форумга 101 өлкөдөн 6 миңден ашык делегат катышып, натыйжада эл аралык муниципалдык кызматташтык боюнча 307 келишимге кол коюлган.
2025-жылдагы БРИКС эл аралык форумунун программасына муниципалитеттердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катышуусундагы пленардык жыйындар, санариптештирүү, экология жана инновация боюнча тематикалык тегерек столдор, бизнес диалогдор жана технологиялык көргөзмө кирет.
Санкт-Петербургдун тандалышы символикалык мааниге ээ, анткени маданий жана инновациялык потенциалга ээ шаар шаарлардын жана аймактардын келечеги боюнча глобалдык диалогдун борборуна айланат.