Селекцияда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеген шектүү аталык укуктан ажыратылды

Селекцияда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеген шектүү аталык укуктан ажыратылды. Бул тууралуу соттон тастыкташты.

Маалыматка караганда, 17-январда Сокулук райондук сотунда аны аталык укуктан ажыратуу боюнча отурум өтүп, аталык укуктан ажыратылды. Ал соттук отурумга онлайн катышкан.

20-сентябрда эртең менен Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов мурдагы жубайы менен 2 баласы жашаган үйгө барып, бычак менен келиндин кулагын жана мурдун кескилеп салган.

Related posts

Түптүн айылдарына «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди

admin

ЖК оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу долбоорун 1-окууда колдоду

admin

Элчи Текебаев: «Кыргыз тигүүчүлөрүнүн товарларына Германияга жол ачылат»

admin

Комментарий