Тиш дарылатып жатып чарчап калган 3 жашар кыздын жакындары менен министр жолукту

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КММАнын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмүндө тиш жасатып жаткан учурда каза болгон үч жашар кыздын жакындары менен жолугушту. 

Ал кыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жакындарынын өтүнүчтөрүн жана жүйөлөрүн укту. Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, медициналык жардам көрсөткөн борбордун директору, жетекчиси, анестезиологу, стоматологу жумуштан бошотулган. Ал күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын аларына ишендирди.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, андан аркы чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына сунуштар берилди. КММАнын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмү жабылып, алгач алар жардам сурап кайрылган жеке стоматологиялык клиника иштебей турат», — деди министр. 

Related posts

24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

admin

Мадумаров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди

admin

Комментарий