Сеулдагы каргашадан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Сеулдагы каргашадан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

«Сеул шаарынын Итэвон районундагы каргашалуу окуядан 151 адам каза болуп, 82 киши жабыркаган. Кыргызстандын элчилиги Йонгсан районунун полициясынын маалыматына таянып, каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирет», — деп айтылат маалыматта.

КРнын Кореядагы элчилигинин ыкчам байланыш номери иштеп жатат: +82-10-6891-2707 (WhatsApp).

Related posts

Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына талапкерлерди кароодо

admin

Кыргызстан менен Таиланддын беттеши. «Оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок» дейт Таркович

admin

Ошто 20 жаштагы жигит соцтармактагы экстремисттик билдирүүлөрү үчүн кармалды

admin

Комментарий