Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наамды төмөндөгүлөр алды.
| Абдувалиев Курманбек Шаанбековичке | – | К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын сахна чебери; |
| Джолдошева Гулмира Сапаровнага | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти; |
| Джельденбаев Элдияр Мусаевичке | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кыргыз фольклордук тобунун артисти; |
| Жумалиев Болотбек Жакыповичке | – | мультипликациалык фильмдердин сүрөтчү-коючусу, “Кыргызстан кинематографисттер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү; |
| Жуманова Кайыргуль Максытовнага | – | С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти; |
| Зейналиева Калидакан Насиралиевнага | – | С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти; |
| Искеналиев Съезбек Искеналиевичке | – | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин “Семетей” ыр-бий ансамблинин солисти; |
| Карыбекова Зулпия Нажимидиновнага | – | актриса, ырчы, алып баруучу; |
| Кулуев Максат Маратовичке | – | Кыргыз улуттук “Манас” театрынын акын-импровизатору; |
| Мейзер Зульфия Сулеймановнага | – | Кыргызстан калкы ассамблеясынын “Достук” тобунун солисти, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн солисти; |
| Сарыбаев Азамат Бектургановичке | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” кыргыз фольклордук тобунун артисти; |
| Узенов Урматбек Бейшенбековичке | – | эстрада ырчысы; |