Шакиев Азербайжанга расмий сапар менен жөнөп кетти

3-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Азербайжан Республикасына жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы алкаларды арттырууга байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Саидбек Зулпуев, Чолпон Султанбекова, Нуржигит Кадырбеков, Уланбек Бакасов, Таалайбек Сарыбашов, Дастанбек Джумабеков, Кубанычбек Самаков, Мирлан Самыйкожо жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Related posts

Нарындын тургуну Мэлсбек Жангазиев изделүүдө 

admin

Мадумаров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди

admin

Сузактагы кырсык. Жерге-Тал айылынын мугалимдерине психологиялык, медициналык жардам көрсөтүлдү

admin

Комментарий