Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен барды. Аны Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропорттон Түркмөнстандын Межлисинин төрагасынын орун басары Гахрыман Розыев баштаган жетекчилер тосуп алды.

Алгач Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышат. 5+1 форматында уюштурулган мындай форум былтыр биринчи жолу Корея Республикасында өткөн. Ашхабаддагы кезектеги жолугушуу расмий сапар менен уланып, төрага бир катар жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланып, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер да каралары күтүлүүдө. Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, Русланбек Жакышов жана Жалолидин Нурбаев бар.

Related posts

Бишкек шаарынын 5 күндүк аба ырайы

admin

Бишкекте каракчылыкка шектелип эки жигит кармалды

admin

Ошто бир үй-бүлө иске ууланды. Беш жашар бала каза болду

admin

Комментарий