ШОС: Кыргызстан аймактык коопсуздукта лидерлик кылууда

2025-жылдын 10-сентябры, Чолпон-Ата – Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник К.К. Ташиев Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТС) Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

Жыйынга Беларус, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстан мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле ШКУ РАТС Аткаруу комитетинин директору катышты.

Генерал-полковник Ташиев 44-отурумунун ийгиликтүү аякташы менен катышуучуларды куттуктап, ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын 2025–2026-жылдары ШКУга төрагалык кылуу алкагында жаңы расмий иш-чаралар башталды. Маалымат алмашууну күчөтүү, террористтердин заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти жана киберкеңдикти колдонууга каршы туруу, биргелешкен машыгууларды өткөрүү жана радикалдашууну алдын алуу негизги багыттар болду.

Мындан тышкары, Бишкекте Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселеси талкууланды. Кыргызстан анын ишин ыкчам уюштуруп, аймактык коопсуздук механизмдерин модернизациялоого олуттуу салым кошууга даяр экенин билдирди.

Атайын кызматтар жана укук коргоо органдарынын туруктуу ишинин натыйжасында өлкөдө эл аралык терроризм жана экстремизм менен байланышкан уюшкан кылмыштуулук түп-тамырынан жок кылынды. Кыргызстан мындан ары да аймактык туруктуулукту бекемдөөгө, ШКУнун алкагында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана заманбап коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерге салым кошууга ниеттенүүдө.

Related posts

Казакстанда 9-класстын окуучусу мектепке балта менен барып, балдарга кол салган

admin

Каныбек Туманбаев президент тарабынан 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун куруу боюнча тапшырма берилгенин билдирди

admin

Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жазадан бошотту

admin

Комментарий