Москвада кыргызстандык жаран «Крокустагы» теракт жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кармалды

Москвада «Крокус сити холл» концерттик залында болгон теракт жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн Кыргызстандын жараны кармалганы боюнча ТИМ маалымат берди.

«Кыргыз Республикасынын жараны А.Ж.А.га карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 205.2-бөлүгү (терроризмди ачык актоо) боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу алгачкы маалымат Орусиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн алынган.

Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүк жогорудагы кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн тергөө органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөткөн. Ушуга байланыштуу, козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекендешке зарыл болгон учурда элчилик тарабынан консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөт.

Жогорудагы маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө турат»,- дешти.

Related posts

Сахарадагы кумдун чаңы Германия, Франция жана Швейцарияны каптады

admin

Косачев: Украина боюнча кандай келишимдер болбосун Россиянын шартында түзүлөт

admin

Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди

admin

Комментарий