Синоптиктер: 9-12-декабрь күндөрү өлкөдө катуу суук болушу күтүлөт

9-12-декабрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү божомолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда түнкүсүн -20° чейин түшүп, тоолуу аймактарда абанын температурасы -36°ка чейин төмөндөйт.

Related posts

Ысык-Көлдө кыш чыгаруучу заводдун курулушу каржыланды

admin

Бишкекте энесин сабап жаткан киши жардамга барган милиционерди кошо токмоктоду

admin

Сириядагы согушка катышып келген Оштун тургунунан ок-дарылар табылды 

admin

Комментарий